ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кайсы тармактарында орточо эмгек акы эң жогору?

12 сентября 2021, 11:42

Эң жогорку орточо айлык номиналдык эмгек акы 2021-жылдын январь-июнунда Евразия экономикалык биримдигинде экономикалык иштин үч түрүндө байкалган. Бул тоо-кен өнөр жайы жана кен казуу, маалымат жана байланыш, финансылык жана камсыздандыруу ишмердүүлүгүн камтыйт. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилген.

Ошол эле учурда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө бул тармактардагы эмгек акынын өлчөмү башкача болуп чыкты.

Эгер Орусияда эң жогорку орточо эмгек акы финансылык жана камсыздандыруу ишмердүүлүгүндө белгиленсе, Кыргызстанда, Белорусияда жана Арменияда маалымат жана байланыш тармагында, ал эми Казакстанда тоо-кен тармагында жана кен казууда байкалган.