Кыргызстанда эмгек акы кайсы тармакта жана канчага жогорулады?

9 марта 2023, 14:42

Былтыркы жылдын декабрь айында өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу номиналдык жана реалдуу эмгек акынын өсүш арымы байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

2022-жылдын январь-декабрында орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин өсүшү экономикалык иштин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган.

Эң олуттуу өсүш төмөнкү тармактарда байкалган:

  • искусство, көңүл ачуу жана эс алуу чөйрөсүндө - 72,1%;
  • саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө -49,4%;
  • билим берүү — 44,5%;
  • милдеттүү социалдык камсыздоо - 35,2%;
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк – 26,9%;
  • административдик жана көмөкчү иш - 25,6%;
  • мейманкана жана ресторан ишмердүүлүгү - 23,8%;
  • кен казып алуу — 23,8%;
  • транспорттук иш жана товарларды сактоо - 23,1%;
  • дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо – 21,6%;
  • курулуш — 21,4 пайыз.