Мораторийге карабастан бизнес кайсы учурларда текшерилет?

7 декабря 2022, 15:35

Экономика министрлиги “Ишкердик субъекттеринин жана коммерциялык банктардын ишин текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга тактоолорду киргизет. Тиешелүү мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Эске салсак, 2022-жылдын ноябрында президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Буга байланыштуу Экономика министрлиги тиешелүү токтомун коомдук талкууга койду. 

Жарыяланган документте 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин укук коргоо органдары жана текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бизнести жана коммерциялык банктарды негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилген. Бирок айрым учурларда текшерүү жүргүзүлөт:

• жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;
• Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин талабы боюнча;
• башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроо-талабы боюнча;
• жеке жана юридикалык жактардын талабы боюнча;
• электр жана жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди түзүү жана колдонуу бөлүгүндө отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;
• бажы көзөмөлүндөгү товарларга карата Бажы кызматын;
• импорттолуучу жана сатылуучу күйүүчү-майлоочу майлардын сапатынын сакталышын көзөмөлдөөгө;
• жер казынасын изилдөө жана иштетүү боюнча мыйзамдардын ченемдерин сактоо маселелери боюнча;
• социалдык маанидеги товарларга бааларды жөнгө салуу боюнча.