Кара-Балтада 2 миңден ашык алкоголдук бөтөлкөнү лицензиясы жок саткандар аныкталды

6 марта 2020, 11:00

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Яр-Марка» соода түйүнүнөн сатууга тийиштүү лицензиясы жок алкоголдук продукцияны сатуу фактысын аныкташты.
 

Натыйжада ар кандай ассортименттеги 2 миң 267 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.
 

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.