Кара-Сууда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

13 июля 2021, 09:15

Ош облусунун Кара-Суу шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жаңы КТБ 400 миңден ашуун кишиге мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. КТБнын кубаттуулугу - бул 26 кызматкердин 500дөн ашык жаранды күнүмдүк тейлөөсү.

Калкты тейлөөнүн ылдамдыгы жана ыңгайлуулугу үчүн, жарандарды документтештирүү процесстери, арыздарды кабыл алуудан баштап, документтерди даярдоодон жана аларды берүүдөн башталды. Башкача айтканда, жарандар керектүү документтерди имараттан чыкпай чогулта алышат. Калкты тейлөө борбору заманбап жабдуулар, ыңгайлуу жумушчу орундары, маалымдама аймагы, дивандары бар кенен күтүү залы, электрондук кезек жана видео байкоо камералары менен жабдылган. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өзүнчө бөлмө бар.

Калкты тейлөө борбору Ленин көчөсү, 163 дарегинде жайгашкан.