Кара-Сууда кошумча калкты тейлөө борбору ачылды

16 июля 2021, 14:30

Ош облусунун Кара-Суу шаарында кошумча калкты тейлөө борбору ачылды. Ал күнүнө 200гө чейин жаранды кабыл алууга ылайыкташтырылган, деп билдирди Санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Кабылдама Ленин көчөсү, 312 дарегинде жарандарды кабыл алат.

Белгилей кетсек, ушул жуманын башында Кара-Суу шаарында жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылган.