Караколдо автоЦОН ачылды

4 сентября 2021, 11:29

Караколдо дагы бир автоЦОН ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы борбор жарандардын муктаждыктарына багытталган, бул калкты унааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү чөйрөсүндө кызматтардын толук спектрин алуусун жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан.

АвтоЦОН Карасаева көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан. Иш убактысы 8:30 дан 17:30 га чейин.