Караколдо эткомбинат ачылды

20 мая 2021, 13:30

Караколдо "Рейна-Кенч" эткомбинаты иштеп баштады. Ал жерде малды союу, этти алгачкы иштөөдөн өткөрүү жана аны керектөөчүлөргө жеткирүү кызматтары көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Кепилдик фондунун" сайтында жазылды.

Эт комбинатынын өндүрүш кубаттуулугу суткасына 500 баш майда жандыктарды жана 100 баш бодо малды союуга багытталган. Комбинат Караколго жакынкы райондордун жана Каракол шаарынын жергиликтүү дыйкан чарбалары менен кызматташат.

Маалыматта белгиленгендей, “Кепилдик фонду” 2020-жылы өзүнүн “Бир район – бир ишкердик” программасынын алкагында “Рейна-Кенч” компаниясына “Айыл Банктан” насыя алууга көмөктөшкөн.