Казакстанда кыргыз ишкерлеринин контейнерлерин күч менен алып коюшкан

14 февраля 2024, 10:41

Казакстанда “Алтын Ордо” базарында иштеген кыргызстандык ишкерлердин контейнерлерин товарлары менен кошо тартып алынган. Бул тууралуу депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Министрлер кабинетинин өкүлүнөн Тышкы иштер министрлиги кыргыз элинин көйгөйүн чечүү боюнча кандай иштерди жасап жаткандыгы тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды.

“Мага ондогон ишкерлер байланышып, укук коргоо органдары мурда баңгизат менен кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Маркабаевге каршы жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатканын билдиришкен. Алар бул контейнерлерди 50 миң доллардан ашык акчага сатып алышкан”, - деди депутат.