Казакстанда «Салык капчык» жаңы кызматы ишке кирди

19 декабря 2019, 09:28

Казакстан Республикасынын Каржы министрлиги «Салык капчык» аталыштагы жаңы кызматты ишке киргизди. Аталган кызмат салык төлөөчүлөргө көп реквизит жана салыкты катасыз толтурууга жардам берет. Бул тууралуу каржы вице-министри Руслан Енсебаев билдирди.

Анын айтымында, көптөгөн жарандар салык төлөөдө бир катар кыйынчылыктарга кабылышчу. Мисалы, салык төлөөчүлөр миңдеген реквизиттердин ичинен төртөөнү гана белгилөөсү керек. Бул учурда адашып басып алып, салык туура эмес төлөнүп, жыйынтыгында кошумча айып пул дагы чыгып калчу. Эми бул кызмат аркылуу, эч кандай кыйынчылыксыз  салык төлөөгө болот. 

«Аталган кызмат салык төлөөчүлөргө, бюджет милдеттенмелери тууралуу дагы маалымат берип турат», — деп кошумчалады Руслан Енсебаев.