«Керемет Банктын» директорлор кеңешинин курамы толугу менен өзгөрдү

4 ноября 2021, 12:35

"Керемет Банктын” 2-ноябрда өткөн акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча директорлор кеңешинин толук курамы милдеттеринен бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Тиешелүү чечим ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кабыл алынганы айтылат. Ошентип, Сейтек Дүйшөналиев, Гүлсаара Атанова, Бакас уулу Бахтяр жана Миррад Сатымкулов ээлеген кызматынан бошотулду.

Кийинки төрт жылга кеңештин бош орундарын төмөндөгүлөр ээлешти:

  • Калыбек Абдыкадыров;
  • Айбек Давлесов;
  • Кастору Мамытова (Директорлор кеңешинин төрайымы);
  • Станислав Карпович;
  • Раушан Сейткасымова.