Кумтөр рационго кытай тамактарын кошууну пландап жатат

18 августа 2021, 12:54

"Кумтөр Голд Компани" кытай ашканасынын тамактарын даярдоо боюнча консультация жана мастер-класс үчүн коммерциялык сунуштарды кабыл аларын жарыялады. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жазылды.

Талапкерлерден келген сунуштар 23-августта "Кытай ашканасы" деген жазуусу бар конверттерде кабыл алынат.

"КГК болжолдуу тандалган уюмдар менен гана байланышат. Компания бул чакыруунун алкагында өтүнмө ээси тарткан бардык чыгымдардын ордун толтуруудан баш тартарын дароо билдирет", - деп баса белгилешти ишканадагылар.