Баткен колониясында беде оруу кызуу жүрүп жатат

1 августа 2022, 12:11

Жаза аткаруу кызматынын Баткен облусундагы № 43 мекемесинде беде оруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аймакта 1 гектар беде, 1 гектар жүгөрү, 2 гектар пияз эгилген. Башкармалык бул участоктордон мол тушум алууга үмүттөнүүдө.

“Жазаларды аткаруу мекемелерине кийин тапшыруу үчүн мал чарба фермасынан эт алуунун планын орундатуу да улантылып жатат. Ошондой эле 100 миң даана ылай кыш куюу пландалууда”, - деп белгиледи басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, бул жерде калкка кызмат көрсөткөн унаа жуучу жай бар.