Өкмөт Теңиз Бөлтүрүктүн отчетун апта соңунда угат

12 сентября 2022, 12:16

Жума күнү, 16-сентябрда, Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын тышкы менеджери катары Теңиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгү тууралуу отчету каралат. Бул тууралуу "Акчабарга" өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 23-августта Министрлер кабинетинин буйругу менен “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунда тышкы башкаруу процедурасы токтотулган.

Ушул эле документ менен Тенгиз Бөлтүрүккө эки жумалык мөөнөттө, башкача айтканда, 6-сентябрга чейин “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомун убактылуу тышкы башкаруунун бүткүл мезгилиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу отчетту Министрлер кабинетине берүү тапшырылган.

“Теңиз Бөлтүрүк буйрукта белгиленген мөөнөттө Министрлер кабинетине отчет берди. 16-сентябрда Министрлер кабинетинин отурумунда отчет каралат”, - деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

Эске салсак, Эсеп палатасы Кумтөр кенинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржылык мыйзам бузууларды аныктаган. Анын алкагында, Теңиз Бөлтүрүк менен ишкананын каржы директору Рыспек Токтогулов иштен алынган.