Кореяда эл аралык туристтик көргөзмө өтөт

7 июня 2021, 13:30

Кореяда Seoul International Tourism Fair 2021 эл аралык туризм көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кореядагы Кыргызстандын элчилигинин сайтында маалымдалды.

Бул иш-чаранын максаты - чет мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын туристтик потенциалын жайылтуу.

Буга байланыштуу элчилик өлкөдөгү кызыктар туристтик компанияларды көргөзмөгө катышууга чакырат.