Кореядагы туристтик фестивалда Кыргызстандын экспорттук потенциалы көрсөтүлдү

21 мая 2021, 17:00

Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчилиги Кенсан-намдо провинциясынын Чханвоне шаарында жыл сайын өтүүчү туризм фестивалында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Фестивалда экспорттук потенциал, экологиялык жактан таза Ат-Башы балы жана кыргыз шоколады көрсөтүлдү. Мындан тышкары, элчилик тарабынан Кыргызстандагы туризм жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлүп, туризм жана Кыргыз Республикасындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө буклеттер таратылды.

Экскурсия фестивалына келгендер салттуу боз үйдө болуп, кыргыз элинин каада-салты, көчмөн маданияты жана жашоо образы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышууда.