Кыргызстанда 260,1 миң адам жашоо минимумунан төмөн пенсия алышат

7 июля 2021, 09:48

Кыргызстанда Жарандык бюджеттин 2021-жылга божомолуна ылайык, 260,1 миң пенсионер жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдөгү пенсионерлердин жашоо минимуму 5 миң 183 сомду түзөт.

2022-жылга карата пенсионерлердин саны 266 миңге чейин өсөт.

Кошумчалай кетсек, божомол боюнча, быйыл өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6180 сом деңгээлинде болот.