КРда 525.1 миң муктаж адамга жардам көрсөтүлдү

29 июля 2020, 14:15

2020-жылдын 29-июлуна карата республика боюнча 525 миң 105 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Анын ичинен жергиликтүү бюджет -64 миң 497, демөөрчүлүк жардам – 285 миң 538, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсеби – 26 миң 616, КР өкмөтүнүн токтому (200 млн сом) – 148 миң 454.

Гуманитардык жардамды жергиликтүү деңгээлде бөлүштүрүүнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаар мэриялары алдында түзүлгөн комиссиялар бөлүштүргөндүгүн белгилеп кетүү керек»,-деп билдирди ЭСӨМ статс-катчысы Каныбек Адиев.