КР тамеки продукцияларынын акциздеринен бюджетке 54.9 млн $ түшкөн
2019-жылдын акыркы 9 ай ичинде чылым продукцияларынын акциздеринен Кыргызстандын бюджетине 54.9 млн $ түшкөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирет.
«Бул сумма чет жерден ташылып келе жаткан тамекилерден түшкөн салык», - деп жазылат маалыматта.
Өткөн жылга салыштырмалуу бюджетке түшкөн каражат 3.8% азайган.