Кыргызстанда FINTENO электрондук акча операторун каттоо жокко чыгарылды

29 декабря 2021, 17:02

Кыргызстандын Улуттук банкы эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары “FINTENO” ЖЧКсынын каттоосун жокко чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Мындай чечим оператордун жайгашкан Грузия өлкөсүндөгү ишмердүүлүгүн токтотууга байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак, Грузиянын электрондук акча оператору FINTENO Кыргызстандын рыногуна 2019-жылдын август айынын аягында кирген.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорунун реестринде сегиз компания катталган. Алардын арасында Орусия менен Казакстандын операторлору бар, алардын алтоосу Казакстандан жайгашкан.