Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго жетпеген ишкерлер салыктардан бошотулду

6 декабря 2021, 14:40

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго жетпеген ишкерлер Соцфонд менен киреше салыгынан башкасынан бошотулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров  “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка бүгүн кол коюлду.

“Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашса гана салык төгүшөт. Бул ылдыйкы катмардагы бизнес менен алектенгендер үчүн өкмөт тараптан материалдык колдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат”,- деп жазды Жапаров.