Кыргызстанда салык отчетун тапшырбаган алты миңден ашуун салык төлөөчү аныкталды
Жарым жылдын ичинде аймактык салык органдары тарабынан салык отчетун тапшырбаган алты миңден ашуун салык төлөөчү аныкталды деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.
Анын ичинен 2 миң 384 юридикалык жактар, 2 миң 91 жеке ишкерлер жана 778 дыйкан чарбалар.
Ошондой эле салык органдарында каттоодон өтпөгөн 2 миң 34 ишкердик субъектилерине тинтүү жүргүзүлдү.
Жалпысынан, 2021-жылдын 1-июлуна карата салык реестринде 754,6 миң субъект катталган.