Документ жүгүртүү системасына айыл өкмөттөрдүн 88%дан ашыгы кошулган

24 января 2022, 10:48

Бүгүнкү күндө республика боюнча 941 мамлекеттик органда “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДБС) коммерциялык режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу  Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Система киргизилгенден бери жалпысынан 2 млн 492 миң документ катталып, аны мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 35 миң кызматкерлери пайдаланат.

“Электрондук документ жүгүртүү системасына кошулуу жана айыл өкмөттөрүндө аны менен иштөө боюнча оң тенденция байкалууда. Талас жана Баткен облусунун айыл өкмөттөрү толугу менен документ жүгүртүүгө өтүштү. ЭЦКга өтүү боюнча эң төмөнкү көрсөткүч Чүй жана Ош облустарында байкалууда, бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 74% жана 76%ды түзөт”, — деп айтылат министрликтин маалыматтында.

Кошумчалай кетсек, республика боюнча жалпы 452 айыл өкмөттүн 400ү ЭЦКга туташтырылган.