КР насыянын эң көп бөлүгү сооданы өнүктүрүүгө берилген

27 декабря 2019, 11:05

КР коммерциялык банктардагы насыя портфели 144.2 млрд сомго чыкты. Эң көп насыя - соода жана коммерциялык иштерге (36.7 млрд сом) берилген. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет. 

Керектөөчү насыянын көлөмү 17 млрд сомду түзгөн.  Ипотекага - 14.6 млрд сом, башка тармактарга - 13.6 млрд сом, курулушка - 13.4 млрд сом, фермерлерге - 27.6 млрд сом насыя берилген. 

Өнөр-жай тармагына алынган насыя 11 млрд сомду түзгөн. Социалдык кызматтарга - 5.2 млрд, транспорт тармагына - 3 млрд сом, даярдоо жана кайра иштеп чыгууга - 1.8 млрд сом насыя берилген. Эң аз өлчөмдөгү насыя байланыш тармагына - 252 млн сом берилген.