Кыргызстанда насыя соода тармагына көп берилет

22 октября 2019, 11:00

Кыргызстандын коммерциялык банктары 142.2 млрд. сомго насыя беришкен. Анын ичинен 91 млрд. сому улуттук валюта менен берилсе, чет элдик валюта менен – 51.3 млрд. сом берилген. Бул тууралуу КР Улуттук банкы билдирет. 

Маалыматка ылайык, насыянын басымдуу бөлүгү –  37 мрд. сом соода тармагына берилген. Калган тармактарга берилген насыялар төмөндөгүчө;  

• айыл-чарба тармагына – 27.6 млрд. сом; 

• керектөөчү насыялар – 15.9 млрд. сом; 

• ипотекага – 14. млрд. сом; 

• курулушка – 13.4 млрд. сом; 

• башка тармактарга – 13.1 млрд. сом; 

• өндүрүшкө – 11.1 млрд. сом; 

• социалдык кызматтарга – 5 млрд. сом; 

• транспорт тармагына – 2.8 млрд. сом; 

• кайра иштетүүчү тармакка – 1.7 млрд. сом;