Эң көп эмгек акы искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында жогорулады

13 января 2023, 11:37

Былтыркы жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда орточо айлык чегерилген эмгек акынын өсүү темпи байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Эң олуттуу өсүш искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (68,7%), саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө (51,1%) чөйрөсүндө байкалган.

Билим берүү тармагында өсүш 45,2%, мамлекеттик башкарууда (33,5%), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктө (26%), тоо-кен өндүрүшүндө (23%), мейманканаларда жана ресторандарда (23,4%), курулушта (20,4%), транспорттук ишмердүүлүктө жана товарлар (20,9%), дүң жана чекене соода чөйрөсүндө (20,3%), ошондой эле администрациялык жана көмөкчү ишмердүүлүктө (21,4%) түзгөн.