Автоунааларды каттоо жана кайра каттоо учурунда сүрөткө тартылат

25 августа 2021, 10:20

Мындан ары "Унаа" мамлекеттик мекемесинде унааны каттоодон өткөрүүдө жана кайра каттоодон өткөрүүдө ар кайсы тараптан тартылган сүрөттөр менен текшерилет, андан кийин фото жана текшерүү актысы электрондук базага киргизилет, деп билдирди Санариптик өнүгүү министрлиги. 

Автоунааларды милдеттүү түрдө сүрөткө тартуу, каттоо учурунда унааны текшерүүдөн өткөрбөстөн автомобилдерди каттоо жана кайра каттоо фактыларын жокко чыгарууга мүмкүндүк берет.

Жаңы стандарттарга ылайык, фотосүрөттөрдөн жана текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүктөн тышкары, кузовдун номерлери, унаанын жайгашкан жеринин координаттары жана текшерүүнүн датасы системага киргизилет.