КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын эстониянын тажрыйбасына салууну көздөйт

24 сентября 2019, 12:40

КР Өкмөтү Эстониянын административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын өздөштүрүүгө ниеттенишүүдө. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз катчысы билдирет. 

Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү өлкө парламентинде, Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясында бир катар жолугушууларды өткөрүп, алардын жүрүшүндө административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү иштеринин негизги багыттары талкууланды.

КР делегациясынын курамына Жогорку Кеңешинин депутаттары Канат Керезбеков, Акылбек Жапаров, Таабалды Тиллаев жана тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.