Айыл чарбасын каржылоого 5 млрд сом насыя берилген

22 ноября 2019, 09:06

КР каржы министрлиги астындагы, бюджеттик насыяны башкаруу Мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, «Айыл чарбасын каржылоо - 7»  долбооруна коммерциялык банктар аркылуу 9 миң 908 жеңилдетилген насыя берилген. Жалпы сумма 5 млрд 43.6 млн сомду түзгөн. 

Анын ичинен түшүмгө - 1 млрд 116.4 млн сомго, 2 миң 834 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыгына 2 млрд 614 млн сомго, 6 миң 755 жеңилдетилген насыя, кайра иштеп чыгуу жана кызматтарга - 1 млрд 313 млн сомго 319 жеңилдетилген насыя берилген. 

Эске сала кетсек, «Айыл чарбасын каржылоо - 7» долбоору КР Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 28-январында бекитилген. 

Бул долбоордун алкагында коммерциялык жана каржы-насыя мекемелер, жылына 6,8,10% менен жеңилдетилген шарт менен каржыланып турат. Андан сырткары, ишкерчилик менен алектенген жана КР айыл-чарба тармагы менен алектенген жарандар дагы ала алышат.