КР мамлекеттик башкаруу секторунун ИДПга болгон кирешеси 37.99% түзгөн

13 ноября 2019, 09:04

Кыргызстанда II кварталдын жыйынтыгы менен мамлекеттик башкаруу секторунун ИДПга болгон кирешеси 37.99% түзгөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди. 
 

Муну менен катар аталган сектордун чыгашасы ИДПга 37.65%  түзөт. 

Мамлекеттик башкаруу секторунун карызы 54.78% жеткен жана 2019-жылдын  I кварталына салыштырмалуу 1.5% азайган. 

Үстүбүздөгү жылдын I кварталына салыштырмалуу ИДПга болгон киреше 1.55% азайып, (39.54% түзгөн), профицит 2.74% кыскарган (3.08% түзгөн). Чыгаша тескерисинче 1.19% өскөн (36.46% түзгөн).