«Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы келди

23 апреля 2021, 09:40

Коронавирус инфекциясына каршы 20 миң доза россиялык вакцина "Спутник V" Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Вакцина ушул жылдын 24-25-февраль күндөрү президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдердин алкагында алынып келинди.

"Орусия тарап берген жүктүн бир бөлүгү гуманитардык негизде. Бул өлкөлөр ортосундагы болгон ишенимдин, кызматташтыктын, альянстын жана стратегиялык өнөктөштүктүн өтө чоң белгиси. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн буйруктарга жана Россиядагы калкты эмдөө өнөктүгүнө карабастан, кыргыз тарап Россия Федерациясынын жетекчилигине маселени ыкчам чечкендиги үчүн ыраазычылыгын билдирет”, - деди премьер-министрдин биринчи орун басары Артем Новиков.

Өкмөт калкты "Спутник V" вакцинасы менен эмдөө жакынкы аралыкта коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн башталаарын эскертти.