Өлкөдө жыл сайын 150 миңдей жумуш орун түзүлүшү керек

17 февраля 2023, 11:20

Жыл сайын 150 миңге жакын жумуш орундарын түзүү зарыл, бул үчүн экономикалык өсүш керек. Бул тууралуу Экономика министрлигинин коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал белгилегендей, статистикалык органдардын эсеби боюнча, 2040-жылга карата өлкөнүн калкынын саны 9 миллионго жетиши мүмкүн, тиешелүүлүгүнө жараша жумуш орундарын түзүү зарыл.

"Аймактарды прогрессивдүү өнүктүрүү - бүгүнкү күндүн талабы. Жер-жерлерде өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн ири өнөр жай-өндүрүштүк аймактарды түзүү жана инвестицияларды тартуу зарыл. Буга байланыштуу Экономика жана соода министрлигине бизнес менен биргеликте зарыл болгон мыйзамдык базаны иштеп чыгуу менен бул багыттагы ишти активдештирүү тапшырылды", — деди Төрөбаев.