Кен иштетүүчү компанияга 199 гектар жер мыйзамсыз берилген

17 ноября 2020, 10:02

Жалал-Абад облусунда тоо-кен иштеткен компанияга 199 гектар жер мыйзамсыз берилип кеткен. Мунун айынан мамлекетке 113.7 миллион сом зыян келтирилгенин Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин тоо-кенчилерине 2014-жылы 700 гектар жер кен казууга берилген. Калган 199 гектар жер мыйзамсыз жана айыл-чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурбастан берилип кеткен. 

Жалал-Абад облустук прокуратурасы келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында сотко доо арыз келтирди.