Кыргызстан интеллектуалдык менчик объектилерин каттоону автоматташтырууну каалайт

21 мая 2021, 14:30

Экономика министрлиги интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого арыз берүү үчүн электрондук тутум түзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жазылды. 

Азыркы учурда интеллектуалдык менчик жаатында интеллектуалдык менчик объектилерине өтүнмө берүү бөлүгүндө "Кыргызпатентке" түз тапшырылган же почта аркылуу жиберилген кагаз түрүндөгү арыз формасы гана берилет.

Ушуга байланыштуу мекеме электрондук тиркемелер арыз берүүчүлөр үчүн процедураны жөнөкөйлөтүшү керек деп эсептейт. Автоматташтырылган тутумдун жардамы менен арыз ээлери арыздарды кабыл алуу жана каттоо жөнүндө билдирүүлөрдү ала алышат, ошондой эле жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө арыздар боюнча кат алышууларды жүргүзө алышат.

Бул токтом долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбай турганы маалым болду.