Кыргызстан орусиялыктарды ден соолук туризмине тартууну каалайт

16 апреля 2021, 13:30

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Челябинск облусунун губернаторунун орун басары Станислав Мошаровго аталган облустун тургундары жана өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери үчүн ден-соолукту чыңдоочу эс алуу уюштурууну сунуштады, деп билдирди Тышкы иштер министрлиги. 

[жаңылыктар 33887]

Тараптар аймактар ​​аралык кызматташуунун биргелешкен жол картасын иштеп чыгып, ишке ашырууга макулдашышты.

Ошондой эле, туризм тармагынын өкүлдөрү менен Челябинск облусунун ири өнөр жай ишканаларынын кесиптик бирликтери менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Орусия да Кыргызстан менен ден-соолукту чыңдоо туризминде кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар экени маалым болду.