Кыргызстан көмүр казуунун көлөмүн көбөйткүсү келет

29 июля 2021, 10:00

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы 450 миң тонна көмүр сатып алуу планын бекитти. Учурда аны интенсивдүү өндүрүү жүрүп жатат. Белгиленген норманы ашыра орундатуу мерчемделген. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

"Мамлекеттик ишкана алдыдагы жылытуу мезгилине карата 600 миң тонна көмүр даярдоону пландаган. Аны казып алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бишкек ЖЭБи үчүн 50 миң тонна даяр. Ташуу планга ылайык жүрүп жатат", - деди Бекмурзаев.