Кыргызстан көмүрдү чет өлкөгө унаа менен экспорттоого тыюу салышы мүмкүн

22 июля 2022, 15:47

Аткезчиликке каршы күрөшүү максатында Экономика жана соода министрлиги Кыргызстандын көмүрүн башка өлкөлөргө темир жол аркылуу гана экспорттоого уруксат берүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкуу үчүн министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды.

Мекеме Кыргызстанда казылып алынган көмүрдүн жылдык көлөмүнүн 35%га чейин экспорттолорун белгилейт. Беш жылдын ичинде жеткирүүнүн көлөмү 2,2 эсеге көбөйдү – 2017-жылдагы 480,3 миң тоннадан 2021-жылы 1 миллион 60,9 миң тоннага чейин.

"Мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды аткезчилик жана мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын азайтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү ташып чыгууда экспорттук операциялардын ишенимдүү эсебин бажы статистикасына киргизүү максатында көмүрдү (ЕАЭБ ТН ВЭД 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган) Кыргыз Республикасынын аймагынан темир жол транспорту менен экспорттоо сунушталат", - деп айтылат документтин негиздемесинде.

Мындан тышкары, темир жол транспорту жүктөрдү ташууда коопсуздуктун өтө жогорку деңгээлин камсыз кылууга жана чек ара аркылуу жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүү фактыларын минималдаштырууга мүмкүндүк берет, - деп белгиледи Экономика министрлиги.