Тышкы булактардан капиталга инвестициялар 10%га өстү

13 июня 2022, 11:26

Ушул жылдын январь-апрель айларында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ички булактардын эсебинен каржыланган негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 1,2%га кыскарды.

Ошол эле учурда банктык кредиттердин эсебинен алар 1,6 эсеге, республикалык бюджетке – 6,7%га, ишканалардын жана уюмдардын каражаттары – 6,2%га, жергиликтүү бюджетке – 2,6%га кыскарган.

Мында калк тарабынан каржыланган инвестиция 5,8%га өскөн.

“Тышкы каржылоо булактарынын эсебинен инвестициянын көлөмү 10%га өстү, ал эми тике чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен – 2,8 эсеге, чет элдик гранттардын жана гуманитардык жардамдын эсебинен – 1,4 эсеге өстү. Ал эми тышкы кредиттердин эсебинен каржыланган инвестициялар 20,7%га кыскарды”, - деп билдирди Улуттук статистика комитети.