Пахта эгүүнүн жаңы ыкмасы колдонулат

14 апреля 2021, 15:10

Кыргызстанда пахтаны пленканы колдону менен эгиүү башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Фейсбуктагы социалдык баракчасында маалымдалды.

[жаңылыктар 33934]

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Ош жана Баткен аймактарына болгон жумушчу сапарынын алкагында пахта эгүү үчүн пленканы колдонуу ыкмасы менен таанышты.

Мекемеден белгилүү болгондой, бул ыкма түшүмдүн өсүшүнө оң таасирин тийгизиши керек, анткени пленка үрөндүн жакшы өнүп чыгышы үчүн белгилүү температураны жана нымдуулукту сактайт. Ошондой эле, тосмо отоо чөптөрдүн пайда болушунун алдын алат жана түшүмдүн өсүшүн тездетет.

Кошумчалай кетсек, дүйнөлүк практикада айрыкча, Кытайда бул ыкма көптөн бери эле колдонулуп келет.