Быйыл өлкөдө контролдук-кассалык машиналардын саны 58,8 миңге жетти

25 ноября 2022, 10:22

Былтыр, 2021-жылдагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет каралып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө кассалык машиналар (ККМ) эки эседен ашык көбөйгөнүн билдирди. 

Ал өлкөдө салык чогултуу көбөйгөнүн белгиледи. 

“Былтыр бир айда орто эсеп менен 17 миллиард сом чогултсак, быйыл бир айда орто эсеп менен 24 миллиард сом чогулттук. Бул 7 миллиард сомго көп. Бул көрсөткүчтөр салыктык процедураларды фискалдаштыруу жана санариптештирүү аркылуу жетишилди”, — деди Жапаров.

Анын айтымында, Кыргызстанда иштеп жаткан контролдук-кассалык машиналардын саны 2021-жылы 23 740 болсо, 2022-жылдын ноябрына карата 58 766 аппаратка чейин көбөйгөн. Былтыр, 2021-жылы киреше 700 миллиард сомду, ал эми 2022-жылдын он айында 1,4 триллион сомду түздү.