Коммуналдык кызматтарды санариптик облигациялар менен төлөөгө болот

26 декабря 2022, 11:12

Финансы министрлиги 2023-жылдын 1-январынан тарта “Санариптик казыналык облигациялар” атайын IT платформасында накталай эмес өз ара эсептешүүлөр үчүн жаңы санариптик инструментти ишке киргизет. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Биринчи этапта жогорудагы санариптик баалуу кагаздар аркылуу салык жана кредитордук милдеттенмелерди төлөө үчүн коммуналдык кызматтарга (электр, суу, жылуулук) төлөө механизми ишке киргизилет.

“Бул санариптик эсептешүү механизми ошондой эле бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына кошумча көзөмөлдү камсыздайт, төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн кыскартат, салык жана башка милдеттенмелерди өз убагында кайтарып, ошондой эле реалдуу убакыт режиминде акча каражаттарынын кыймылынын ачык-айкын эсебин берет, бул жалпысынан бюджеттик системанын кассалык жүгүртүүсүнүн оорчулугун кыскартууга алып келет”, - деп белгиледи Финансы министрлиги.