Доллардын курсу төмөндөй баштады

14 декабря 2020, 11:04

Узак убакыттан бери алгачкы жолу АКШ долларынын курсу төмөндөй баштады. Мындай жыйынтыкты коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлардан көрүп, чыгарса болот. 

Коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда америка доллары 13-ноябрдан тарта 84.9 сом менен сатылууда. Ошондон бери курстун наркы өзгөргөн эмес. Бул убакыт аралыгында Улуттук банк доллардын сомго карата наркын жакгыртуу үчүн 94 млн 650 миң доллар америка валютасын саткан. 

13-декабрдан тарта, АКШ долларынын курсу төмөндөй баштады. Бүгүнкү күндө валютаны 83.8 сом менен сатып алышып, 84-84.2 сом менен сатышууда. Официалдуу курс дагы 0.01% төмөндөп, 84.79 сомду түздү.