«РосФинансКредит» чакан микрокредиттик компания жабылат

26 декабря 2019, 08:45

Кыргызстандагы «РосФинансКредит» чакан микрокредиттик компания жабылат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет. 

«РосФинансКредит» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары – Компания) катышуучуларынын жалпы жыйынынын 2019-жылдын 21-ноябрындагы Компанияны жоюу тууралуу чечими менен анын 2012-жылдын 28-июнундагы № 461 каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү 2019-жылдын 23-декабрынан тартып жокко чыгарылды.