Кыргызстанда унаа чыгаруучу ишкана түзүлүшү мүмкүн

13 мая 2021, 10:00

Кыргызстанда орусиялык “КАМАЗ” компаниясынын автоунааларын кура турган ишкана пайда болушу мүмкүн. Бул маселе инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов менен «КАМАЗ» АКнын автомобилдерди сатуу боюнча башкы директорунун орун басары Василий Цыганов менен болгон жолугушууда талкууланганы маалым болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында унааларды куроону уюштуруу маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, 26-апрелде Казань шаарында өткөн кыргыз-татар бизнес форумунда “ДТ Техник” ишканасы менен “Камаз” компаниясы “КАМАЗ” жүк ташуучу унааларын кураштыруу боюнча биргелешип кызматташуу жөнүндө макулдашышканы белгилүү болду.