Агроөнөр жай комплексин камсыз кылуу үчүн 10 млрд сом багытталат

13 сентября 2022, 17:40

Агроөнөр жай комплексин каржылоого 10 миллиард сом суммасында каражат бөлүштүрүү пландаштырылып жатат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Жалпы сумманын 5,5 млрд сому "Айыл Банк" ААКсын капиталдаштырууга, ал эми 4,5 млрд сому "РСК Банк" ААКсына бөлүнөт.

Учурда "Айыл Банк" үчүн кошумча капиталдаштырууга 1,7 млрд сом, "РСК Банкка" 1,7 млрд сом каралган. Жалпысынан бүгүнкү күндө 3,4 млрд сом бөлүнгөн.