Дарыгерлердин айлыгын жогорулатууга 333 млн сомдон ашык каражат бөлүндү
Июль айында дарыгерлердин айлыгын жогорулатууга 333,2 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Милдеттүү камсыздандыруу фондунун сайтында маалымдалды.
2021-жылдын 1-июлунан тарта врачтардын, медайымдардын жана башка персоналдын эмгек акысы 50%га жогорулатылды, кенже жана техникалык тейлөө персоналы үчүн негизги эмгек акынын 1,4 коэффициенти белгиленди.
Республиканын медициналык кызматкерлеринин эмгек акысынын орточо көрсөткүчтөрү төмөнкүлөр үчүн:
- дарыгерлер 12,8 млн сомду түздү;
- орточо медициналык персонал үчүн 11,7 миллион сом;
- кенже жана техникалык тейлөө персоналына 9,9 млн сом болду.