Кыргызстанда кластерлерди өнүктүрүү үчүн бюджеттен 9 млрд сом бөлүү пландалууда

19 января 2022, 13:07

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында эт, сүт, жашылча, мөмө-жемиш, кант, өсүмдүк майы, картошка, жумуртка жана дан сыяктуу тогуз негизги түр боюнча айыл чарба кластерлерин өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Кластерлерди түзүү боюнча түзүлгөн келишимдердин негизинде сүт, эт, мөмө-жемиш, картошка жана кант сыяктуу беш азык боюнча улуттук кластердик ассоциациялар түзүлгөн. Жакынкы аралыкта башка кластердик ассоциациялар түзүлөт.

Белгиленгендей, кластерлер тамак-аш өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү болгон негизги агрегаторлордун айланасында ассоциациялардын мүчөлөрү тарабынан ыктыярдуу негизде түзүлөт. Анын катышуучулары ошондой эле фермерлер, чийки зат менен камсыз кылуучулар, соода-логистикалык борборлор, соода түйүндөрү жана башкалар.

“Кыргызстанда кластердик өнүгүүгө бюджеттен 9 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул каражаттарды бирикмелердин катышуучуларына жеңилдетилген кредиттик каражаттар түрүндө 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө күрөө жана күрөөсүз камсыздоо менен 6%га чейинки ставка менен берүү пландаштырылууда. Акча Айыл чарба министрлигинин алдындагы кластердик өнүктүрүү кеңешинин чечимдеринин негизинде “Айыл Банк” жана “РСК Банк” аркылуу берилет”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.