Казакстандын электрондук акча оператору Кыргызстанда иштей баштады

8 июня 2021, 13:30

Ушул жылдын 4-июнунда, PayDala жоопкерчилиги чектелген өнөктөштүгү Cashello.kz эл аралык электрондук акча тутумунун оператору катары Кыргызстандын Улуттук банкында катталды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын аймагында эл аралык электрондук акча тутумдарынын операторлорунун/эл аралык электрондук акча эмитенттеринин реестрине киргизилген.

Cashello.kz электрондук акча тутумунун оператору Казакстандын Алматы шаарында катталган.