Кыргызстанда 2.6 миң жерге 10 мектеп курулат

2 октября 2019, 13:20

Кыргызстанда октябрь айында 2.6 миң метр жерге 10 мектептин капсуласын салуу пландалууда. Курулушка карата тендер сентябрь айында жарыяланган, долбоорду Сауд өнүктүрүү фонду каржылайт. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги билдирет. 

2017 – жылы түзүлгөн долбоордун курулуш иштерине Сауд өнүктүрүү фонду 30 млн.$ бөлгөн.  Ал эми өкмөт 2019 – жылдын аягына чейин курулуш иштери бүтөт деп убада берген. 

Жакынкы убакыт аралыгында жаңы мектеп имараттар Талас облусунан башка, Кыргызстандын бардык облустарында салына баштайт.