Салык кызматы алты айда планды 5,8% га ашыра аткарды

9 июля 2021, 14:30

Жарым жылдын ичинде Мамлекеттик салык кызматы салык кирешелеринен пландаштырылгандан 2,6 миллиард сомго көп чогултту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Ильяз Иманбетов маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

2021-жылдын алты айында салык жыйымдарынын жалпы суммасы 47 миллиард сомду түздү. Буга чейин республикалык бюджетке 37 миллиард сом, ал эми жергиликтүү бюджетке 9,2 миллиард сом түшкөнү белгиленди.

Ильяз Иманбетовдун айтымында, план боюнча Мамлекеттик салык кызматы жыл аягына чейин 96,7 миллиард сом чогултушу керек.